ЮНИСЕФ Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине 507 компьютер белек кылды. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке iEMDOO маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблокту тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персонализацияланган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Демилге Кыргызстанда алгачкы медициналык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Маалымат: https://vesti.kg/obshchestvo/item/135428-yunisef-peredal-507-kompyuterov-ministerstvu-zdravookhraneniya.html