Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Катардын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Марри менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар учурдагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.
2025-жылдын күзүндө Катар мамлекетинде өткөрүлүшү пландалган Психикалык ден соолук боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрин расмий чакыруу жолугушуунун негизги темаларынын бири болду. Элчи бул иш-чаранын алкагында өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо үчүн эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлеринин эки тараптуу жолугушуусун өткөрүүгө болоорун баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Катар тарабынан Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн, анын ичинде медициналык мекемелерди куруу жана угуусу начар балдар үчүн кохлеардык импланттарды уюштуруу боюнча долбоорлорго ыраазычылык билдирди.
Психикалык ден-соолук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап психиатриялык мекемелерди, атап айтканда, Чым-Коргон жана Кызыл-Жар айылдарындагы Республикалык психиатриялык ооруканаларды капиталдык оңдоого жана курууга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Элчи бул сунуштарды кароого даяр экенин билдирип, мындай долбоорлор Катар кайрымдуулук уюмунун ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырыла аларын белгиледи.
Кадрдык ресурстарды кеңейтүүнүн алкагында Кыргызстандын медициналык университеттеринин акыркы курсунун студенттерин кийин кайтып келип, улуттук саламаттыкты сактоо системасында иштөө максатында гранттык негизде Катарда окутуу демилгеси жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Катардын кайрымдуулук фонддору жана расмий түзүмдөрү менен активдүү кызматташууга даяр экендигин ырастады.
Жолугушуу эксперттик деңгээлде диалогду улантуу жана пландаштырылган демилгелерди ишке ашыруунун деталдарын жана механизмдерин талкуулоо үчүн кошумча жолугушууларды уюштуруу келишими менен аяктады.
Маалымат булагы: https://www.akchabar.kg/news/minzdrav-i-posolstvo-katara-obsudili-voprosi-stroitelstva-i-remonta-bolnits-vsglpjqzdxzibgyg
