Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда медицинаны өнүктүрүү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн көбөйтүүнү жана анын бир бөлүгүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которууну сунуштоодо

Кыргызстанда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүн өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланды. Мыйзам долбоорунун автору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги. Кызматкерлер ай сайын айлык акысынын 11 пайызын, 2026-жылдын 1-январынан тарта 12 пайызын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө сунушталууда.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, кызматкерлер 10 пайызын которот, анын 8 пайызы Пенсиялык фондго, дагы 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 пайызын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, ал эми жаңы жылдан тарта дагы 1 пайызын түзүү пландалып жаткан Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун топтоо фондуна которууну сунуштоодо.

Түзүү сунушталып жаткан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча топтоо фонду Кыргыз Республикасында медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошот.

Булактары:

https://24.kg/obschestvo/323872_minzdrav_predlagaet_uvelichit_strahovyie_vznosyi_iperechislyat_chast_summyi_vfoms/
https://kyrtag.kg/ru/news/minzdrav-predlagaet-uvelichit-strakhovye-vznosy-i-perechislyat-chast-summy-v-foms