Кыргызстанда “КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга пландаштыруу мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорунун акыркы жоболору талкууланууда.
Документке ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылдагы кирешеси 10 миллиард 737 миллион 596 миң сомду түзөт.
Бюджеттин негизги булактары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар (2 миллиард 57 миллион 870 миң сом) жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр (6 миллиард 503 миллион 418 миң сом) экени көрсөтүлгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн киреше жана башка кирешелер да эске алынат.
Чыгымдар кирешелер менен бирдей болот деп болжолдонууда.
Кененирээк: https://24.kg/ekonomika/340682_byudjet_foms_v2026_godu_prognoziruetsya_naurovne_bolee_10milliardov_somov/
