Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Катардын элчилиги ооруканаларды куруу жана оңдоо маселесин талкуулады
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Катардын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Марри менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар учурдагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. 2025-жылдын күзүндө Катар мамлекетинде өткөрүлүшү пландалган Психикалык ден соолук боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Читать далее
Дагы