Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдыктарды көрүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын туристтерди кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда.
Бул даярдыктардын алкагында Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун жана тиешелүү кызматтардын адистери менен биргеликте Чүй жана Ысык-Көл облустарына жер-жерлерде барууларды жүргүзүштү.
Мониторинг иш-чаралары Кемин, Токмок, Балыкчы шаарларын жана Ысык-Көл районун — жай мезгилинде туристтердин көп келүүчү аймактарын камтыды.
Жер-жерлерде баруулардын жүрүшүндө жумушчу топтор негизги туристтик маршруттардагы туристтик жайлардын, пансионаттардын, тамактануу жайларынын жана инфраструктуранын санитардык абалын текшеришти. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер жана аймактын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Коомчулук жана туристтер үчүн ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылууга, коомдук жайлардын, анын ичинде дааратканалардын санитардык абалы, тамактануучу жайлардагы санитардык талаптардын сакталышы жана инфраструктуранын туристтик сезонго жалпы даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Ишканаларды текшерүүгө киргизилген мораторийди эске алуу менен, иштер алдын алуучу мониторинг жана консультациялык жардам аркылуу жүргүзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери санитардык нормаларды сактоо жана коомдук саламаттыкты сактоонун мүмкүн болгон тобокелдиктеринин алдын алуу боюнча сунуштарды беришти.
“Туристтик сезон санитардык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Биз үчүн жарандардын жана өлкөгө келген коноктордун ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда эс алышы маанилүү. Ошондуктан биз жергиликтүү деңгээлде алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатабыз”, – деп белгиледи Гүлбара Ишенапысова.
Мындан тышкары, Ош жана Жалал-Абад облустарынын санитардык кызматтары үчүн кеңейтилген жыйын өткөрүлүп, анда жайкы сезонго даярдык көрүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана бул аймактардын туристтик аймактарында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Булак: https://egov.kg/ru/ministry/health/news/22979
