Кыргыз Республикасында COVID-19 инфекциясынын кайра жанданышын алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, бардык медициналык мекемелерде, анын ичинде мамлекеттик клиникаларда жана ооруканаларда коронавирустун алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Ошентип, клиникалардын жана ооруканалардын аймагында ДСУнун (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун) талабы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча төмөнкүдөй чектөөлөр жана талаптар киргизилген:

• Милдеттүү түрдө медициналык беткап кийүү
• Медициналык мекемеге келген бейтаптар арасында 1 метрден кем эмес аралыкты милдеттүү түрдө сактоо
• Бөлмөлөрдү 2 саатта бир жолу милдеттүү түрдө стерилдөө
• Терапия, пульмонология жана ЛОР бөлүмдөрүндө пациенттерди кабыл алуу сааттарынын саны көбөйдү
• Реанимация бөлүмдөрүндөгү койкалардын санын көбөйтүү
• Реанимация бөлүмдөрүндөгү бейтаптарга барууга тыюу салуу
• клиникаларда жана ооруканаларда бейтаптарга тамак-ашты өткөрүүгө тыюу салуу

Мындан тышкары, Кыргызстандын бардык тургундарына жана конокторуна ынанымдуу сунуш – бул коронавирустук инфекциянын жайылышын эл аралык алдын алуунун алкагында ишке ашырылып жаткан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү сунушу. Эмдөө кампаниясы таптакыр бекер!

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Клиникалык ооруканасында бардык каалоочулар COVID-19га каршы эмдөө ала алышат!